Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов "Азаттык" радиосуна билдирген.
Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаев жетектеп келген.
Нурлан Шакиев бир мандаттуу Аксы округунан депутаттыкка шайланган. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы 33 депутаттан турат. Анын 18и бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн