Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Макмалалтын” комбинатынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

“Макмалалтын” комбинатынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду


“Макмалалтын” комбинатынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан “Кыргызалтын” ААКнун “Макмалалтын” комбинатынын филиалында текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө “Кыргызалтын” ААКнун “Макмалалтын” комбинаты филиалынын жана “Кыргызалтын” ААКнун "Кыргызалтын-курулуш" филиалынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан жалпы 2 млн 143 миң 686 сомдук материалдык баалуулуктар жок кылынгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча Тогуз-Торо райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн