“Ата Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Бабур Төлбаевди “сүткор” деп, андай адамдарды бийликке жолотпоо керектигин айткан “Улуу-Журт” партиясынын талапкери Барчынай Алимбекова Бишкектин Свердлов РИИБине суракка чакырылды. Бул тууралуу талапкер өзүнүн фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка таянсак, ал бүгүн, 30-мартта саат 18:00дө суракка барат.
Эске салсак, видеокайрылуу чыккан соң "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын юристтери Алимбекованын үстүнөн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.
Пикирлер (2)