Кулжа 29, 2024
Убакыт: 12:14
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

"Ататүрк" паркындагы объектилер качан түрттүрүлүп башталары белгилүү болду

14.05.2024 08:24
129
"Ататүрк" паркындагы объектилер качан түрттүрүлүп башталары белгилүү болду


Бишкек мэриясында " Ататүрк" сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өткөнүн мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Ага мэр Айбек Жунушалиев, Кыргыз Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери катышкан.


"Парктын аймагындагы объектилерди демонтаждоо жана бузуу иштери 20-майга пландаштырылган. Калаа башчы тиешелүү кызматтардын жетекчилерине сот органдарына доо арыз менен кайрылып, "Ататүрк" паркынын аймагын мэриянын менчигине кайтаруу иштерине даярдоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды", — деп жазылат кабарда.


Эске салсак, буга чейин мэрия "Ататүрк" паркынын курулушка берилип кеткен 43 гектар жери кайтарыларын маалымдап, кийин сейил бактагы мыйзамсыз курулган объектилер бузула турганын кошумчалаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн