Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 04:38
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

"Айкөл Манас" коллекциялык алтын монетасы сатыкка чыгарылды

02.12.2024 12:58
863
"Айкөл Манас" коллекциялык алтын монетасы сатыкка чыгарылды


Улуттук банк "Айкөл Манас" алтын коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу башкы банктан билдиришти.


Маалыматка ылайык, аталган монета Улуттук банктын кассаларында 123 400 сомдон иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.


"Монетанын алдыңкы бетинде Ала-Тоонун фонунда соот кийген, Аккуланы минген Манас баатырдын образы чагылдырылган. Монетанын жогорку бөлүгүндө: "Айкөл Манас / Aikol Manas" жазуусу, ал эми оң жагында металлдын сапаты (Au 999) жана монетанын салмагы (15,55 г) түшүрүлгөн. Төмөн жагында анын номиналы (200) жана сомдун графикалык белгиси (С) көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинде кыргыз жоокерлерин символдоштурган улуттук орнаменттердин алкагында Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Монетаны тегерете "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы / Национальный банк Кыргызской Республики" деген жазуу жайгашкан. Монетанын төмөн жагында монета чыгарылган жыл – "2024" жазуусу түшүрүлгөн", — деп жазылат маалыматта.


Ар бир монета акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылганы кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн