Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:42
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Аю" каймана аттуу УКТ мүчөсү кылмыштуу чөйрөдөн баш тартты

12.12.2023 10:46
223
"Аю" каймана аттуу УКТ мүчөсү кылмыштуу чөйрөдөн баш тартты


Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү "Аю" каймана аты бар Ж.А.Жга карата алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМК жана Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан У.Токтосуновдун (кылмыш чөйрөсүндө "Сакал" деген каймана ат менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Ж.А.Ж.га карата профилактикалык иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ал кылмыштуу топторго аралашуудан, ошондой эле уурулар идеясынан жана кылмыштуу түшүнүктөрдөн баш тартты.

Ошону менен бирге ал мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана жакшы жаран катары жашоого милдеттендирээрин ишендирди.

Ошону менен бирге УКМК жарандарды Кыргызстандын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары жөнүндө ишеним телефонуна 0312 66 04 75 билдирүүгө чакырат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн