Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Азык-түлүк сапатсыз болгондуктан, жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугу начар болууда",- министр

18.10.2021 11:22
955
"Азык-түлүк сапатсыз болгондуктан, жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугу начар болууда",- министр

Азык-түлүк сапатсыз болгондуктан жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугу начар болууда. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.


Анын айтымында, азыркы учурда төрөлгөн балдардын ден соолугу начарлап кеткен.


“Эгер арыз түшсө биз текшерүү барары жөнүндө аларга 10 күн алдын эскертишибиз керек. Азыр биз Жогорку Кеңешке жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө моратрийди алуу тууралуу мыйзам долбоорун киргиздик, эгер ал өтсө, санитардык дарыгерлер аларды мурдагыдай эле текшере башташат. Тамактануучу жайлар, кафелер санитардык нормаларды сактабастан иштеп жатышат. Эгер биз аларды текшере турган болсок, алар киргизишпейт, текшерүүгө документ талап кылышат. Ошондой эле, эттин сапатын Айыл чарба министрлиги да тиешелүү деңгээлде текшериши керек. Дарыгер катары айта алам, азыр жаңы төрөлгөндөрдүн жана балдардын ден соолугу өтө начар - бул продукциянын сапатына, экологияга жана башка көптөгөн факторлорго байланыштуу. Биз алдын алуу чараларын киргизүүнү пландап жатабыз, андыктан текшерүүнү баштоо үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек болот”, - деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн