20-май күнү Украианын чыгышында жайгашкан "Азовсталь" заводунда орус аскерлерине каршы күрөшүп келген "Азов" тобу заводду таштап чыкты. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары Коргоо министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
Россиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, "Азовсталь" заводу толугу менен орус армиясынын көзөмөлүнө өттү. Азыркы учурда заводду жарылуучу заттардан тазалоо иштери жүрүүдө.
Министр Сергей Шойгу президент Владимир Путинге завод террордук уюмдан тазаланганы тууралуу маалымат берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн