Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:08
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

"БШКнын сайтына хакердик чабуул болду",- Марат Иманкулов

29.11.2021 08:44
787
"БШКнын сайтына хакердик чабуул болду",- Марат Иманкулов

Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине хакердик чабуул болду. Мындай пикирин маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.


Анын айтымында, БШКнын сайтындагы маалыматтын үзгүлтүккө учурашы хакердик чабуулга байланыштуу.


"Сервер онлайн иштеп турат, каалаган адам көрө алат. Бирок, кандайдыр бир хакердик чабуул болгонун байкадык. Эксперттер бизге былтыр да кол салуу болгонун айтышты. Бирок жакшы коргонуудан улам таасири болгон жок. Хакердик чабуул бар, бирок аларга каршы чара көрүлүүдө",- деди Иманкулов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн