Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:19
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

"Баарына каршынын" укуктук талаасы жок

25.09.2020 11:10
1409
"Баарына каршынын" укуктук талаасы жок


4-октябрда боло турган ЖКтин депутаттарын шайлоодо мен деле баарына каршы болгум келген. Борок мыйзамды оодарып отуруп ал оюмдан айныдым. Өткөндө бир макаламда юристерге кайрылгам. "Эгер "Баарына каршы" болгондор эң көп добуш алса андан аркы иш мыйзам боюнча кандай болот?" деген мааниде. Эч ким ушул маселе боюнча так жооп жаза алган жок. Себеби мыйзам тили менен айтканда "Баарына каршынын" укуктук талаасы жок. Биздин мамлекеттин мыйзамдарынын биринде да ушундай инцидент болсо андан аркы процесс кайсы мыйзамдар менен жөнгө салынышы керектиги так көрсөтүлгөн эмес. 


"Кыргыз Республикасыны Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө" деген конституциялык Мыйзамдын 38-беренеси "Кайра шайлоо" деп аталат. 2- бабында "Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда, иш-аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер кайрадан шайлануучу орунга талапкерликке көрсөтүлүшү мүмкүн эмес" деген гана бүдөмүк талап бар. Ал эми шайлоого катышкан партиялар тууралуу шайлоого тиешеси бар мыйзамдардын биринде да бир ооз сөз жок. Демек, чын эле "Баарына каршы" чыккандар эң көп добуш алса, андан аркы окуя мыйзам боюнча кандай уланат?


Биринчи, эптеп өп-чап каражат табышып, ыйлай-сыктай шайлоого катышып атышкан партиялардын бири да кайра шайлоого катыша алышпай ыргышат. Ал эми шайлоодо акчаны самандай чачышкан партиялар кайра "ураалап" катышат. Себеби, экинчи жолку кайра шайлоого 16 партия эмес, ашса 5-6 эле партия катышып калуулары толук мүмкүн. 


Экинчи, ушул эле акчалуу талапкерлерлер партиясын алмаштырып, башка партия менен бара бериши мүмкүн. Себеби, ал мурда башка партиянын талапкери болчу, эми башка партиянын талапкери болгондо жаңы талапкер болуп калат. Бир да мыйзамда мындай укукту чектеген талап жок.


Эми эгер чын эле "Баарына каршы" дегендер ушул шайлоодо көп добуш алса коомчулук эмнеден жабыркайт?» деп ойлонуп көрөлү.


Биринчи, "Баарына каршылар" астыда бараткан ("Акчалуу күчтүү партиялар" деп коелу) партиялардын эмес, артында бараткан "араң жандардын" добушун тартып алат да, алар 7 пайыздык тоскоолдукка жетпей кала беришет. Себеби, астыда бараткандардын добуштары 20 пайыз болушу керек болсо, ашса 15% түшүп азайышы мүмкүн, ал эми алсыздыкы 10 пайыз болушу керектен 5ке түшүп талаада калат.


Экинчи, эң коркунучтуусу, маселен, "Баарына каршы" деген добуш катарда экинчи же 3-орундун добушун алса, астыдагы 1 же 2 партия калат да, "Баарына каршынын" артындагы партиялардын 7 пайыздан ашкандары да шайлоодон алынып салынат. Мыйзам талабы "Баарына каршылар" астыдагыларга эмес, өздөрүнөн кийинкилердин "Баарына каршы" болгон болот. Мыйзам түшүнүгү боюнча так ушундай. Ошондо "Баарына каршы" болгондор жер тепкилейсиңер. 


Мына ушундай абал шайлоодон кийин түзүлүшү толук мүмкүн. Ошондуктан, "Биздеги мыйзам актыларында "Баарына каршынын" укук талаасы жок" деп атам.


Эмне үчүн "Баарына каршы" укук талаасына кирбей калган? Себеби жөнөкөй. Мен бир да мамлекетте партиялык жол менен депутаттарды шайлоодо "Баарына каршы" болгондор шайлоого коркунуч келтирип, республика боюнча кайра шайлоо өтүшүнө инцидент жаратканын уга элекмин. Президенттик же бир мандаттуу шайлоолордо мындай окуялар болот. Андай учур болсо процесс кандай уланаары биздин мыйзамдарда так келтирилген. Бирок, жалпы республикалык денгээлде "ушундай болушу мүмкүн" деген абал бизде гана биринчи жолу түзүлүп атат. Өзүңүздөр билесиздер, биздин буга чейинки депутаттарыбыз башка өлкөлөрдүн, өзгөчө Россияда бар мыйзамдарды гана которуп жазып келатышат. Ал өлкөлөрдөгү жок мыйзам талаптары бизде да жок. Ошентип бул маселе укук талаасына кирбей калган.


Жыйынтыгында айтаарым, терең ойлонгула да "Баарына каршы" болуу оюңардан кайтып, андан көрө кайсы бир партияга добуш бергиле демекчимин. Анткени, кайсы жагынан карасак да бул шайлоодо бери дегенде саясий элитаны 70-80 пайызга жаңыртып, жашарта турган топ келатат. Коомчулук ушул топту ЖКке алып келүү менен гана утушка ээ болот. Ушуну түшүнгүлө.


Чолпонбек АБЫКЕЕВ, коомдук ишмер

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн