Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:03
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

"Бакай банк" корпоративдик кечеде болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди

08.03.2021 18:56
3201
"Бакай банк" корпоративдик кечеде болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди

7-февралда «Бакай Банктын» Бишкектеги филиалдарынын биринде айымдарды куттуктап жаткан маалда болгон жосунсуз окуя үчүн тийиштүү кызмат адамдарга чара көрүлөт. Бул тууралуу банктын башкы маркетологу Зарема Султанбекова билдирди.


Ага ылайык, «Бакай Банктын» филиалдардын биринин кызматкерлери жетекчиликтин макулдугусуз 8-мартка карата кече уюштурушкан. Андагы эмгек жамааттын бири-бирин жосунсуз аракеттер менен куттуктоосу жумуш убактысынан тышкары мезгилде болгон.


Иш-чара банктын корпоративдик баалуулуктарына жана этикасына каршы келет. Буга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр аныкталат. Аларга карата Эмгек кодексине ылайык чаралар колдонулат. Ошондой эле, “Бакай Банк” бул видео үчүн кечирим сурайт жана алдыда бул сыяктуу окуялардын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрөт”, — деп айтылат билдирүүдө.


Эскерте кетсек, 7-март күнү социалдык тармактарда «Бакай банктын» кызматкерлеринин корпоративдик иш-чарасында тартылган делген видео тараган. Анда жосунсуз аракеттер болгону үчүн интернет колдонуучулары банктын дарегине нааразычылык билдиришкен.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бек
Бакай банкты бекер реклама кылып жатышат. Эми банкты карданы кобойот.