"Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече" долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 км түзгөн "Балыкчы-Кочкор" темир жолунун участогун куруу жумуштары аткарылууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылга карата 5 км темир жол куруу мерчемделген, учурда жумуштун 70 пайызы бүткөрүлдү. Ишкана жылдын аягына чейин пландалган 5 чакырымдан тышкары дагы 3 чакырым темир жол курууну пландап жатат.

Эң орчунду болгон тилке Боз-Бармак тоосун ортосунан тешип, каздыруу иштери жүрүп жатат. Болжол менен узундугу 600 метр, бийиктиги 16-17 метр, ал эми үстүнкү катмары жээктери 70 метр түзөт.

"Каздыруу иштеринин жүрүшүндө биздин заманга чейинки III-кылымга таандык коргондар табылып, учурда археологиялык - изилдөө иштери жүрүүдө. Бүт жумуштар ишкананын өз каражатынын эсебинен аткарылып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жалпысынан 28 атайын техника, 52 жумушчу тартылган.

Бүткөрүлгөн жана ушул жылга пландалган жумуштар "Кыргыз Темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын өз каражаттарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Бул долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарынын калкын жана ЖЭБди көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече күрөң көмүр кенин иштетүүдө көмүрдү ташуу үчүн эң арзан жолду түзүүгө байланыштуу чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Бүгүнкү күндө Кара-Кече кенинен көмүр автотранспорт менен Балыкчы станциясына жеткирилет, андан ары темир жол аркылуу Бишкекке жана республиканын түндүгүндөгү башка калктуу пункттарга ташылат. Көмүрдү автотранспорт менен ташуу көмүрдүн өзүнүн наркынын бир кыйла өсүшүнө жана жолдун катмарынын эрте бузулушуна алып келет.

Ушуга байланыштуу Балыкчы станциясынан көмүр кенине чейин темир жолду куруу - экономикалык пайда алып келет жана аймактын экологиялык коопсуздугун камсыздайт.