Бугу 08, 2024
Убакыт: 19:47
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Банктарда аялдар үчүн "Ишкер-Айым" жана "Айым-Кредит" насыялык продуктулары түзүлдү"

10.03.2020 17:09
1087
"Банктарда аялдар үчүн "Ишкер-Айым" жана "Айым-Кредит" насыялык продуктулары түзүлдү"


Мамлекеттик банктарда аялдарды колдоо үчүн «Ишкер – Айым» жана «Айым – Кредит» атайын насыялык продуктулары түзүлгөн. Бул тууралуу Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги» аттуу жыйынга катышып жатып билдирди.  


Өкмөт башчы айтуусуна караганда үстүбүздөгү жылдын июль айында өткөн «Жаңы импульс» ишкер айымдар боюнча улуттук конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, аларды ишке ашыруу иштери башталган.


«2030-жылга чейин ишкер айымдарды өнүктүрүүнүн улуттук программасы  кабыл алынып, «жол картасы» иштелип чыкты. Жайында жолугушуу учурунда мен айымдар ишкерлигин колдоого финансы каражаттарын бөлүүнү убада кылганмын. «РСК банк» ААК аркылуу айымдар ишкерлигин өнүктүрүү үчүн  «Ишкер – Айым» атайын насыялык продуктусу түзүлгөнүн канааттануу менен белгилеп кетким келет. Мында пайыздык үстөк улуттук валюта менен жылдык 14 пайыз менен 24 айга чейин жана 36 айга чейин берилет. Кредиттик линиянын жалпы бюджети 50 млн сом, анын ичинде 26 млн сомго 78 насыя берилген. Ошондой эле «Айыл банк» ААК «Айым – Кредит» атайын насыялык кредитин түзгөн. Анын пайыздык үстөгү улуттук валютада жылдык 14 пайыз менен 24 айга чейин жана 36 айга чейинки мөөнөттө берилет. Долбоор 2019-жылдын 15-ноябрында ишке киргизилген», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Далибаева Шохида Махаматжановна
Бийиктик
Кайкиева Назгуль Сайдаалиевна
Туура иш алып барып жатасыз. Бул маселени туура деп колдойм. Жана кандай документтер керек экенин билсек, кайсыл банктар аркылуу билсек болот.