Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

"Барселонанын" легендарлуу оюнчусу карьерасын жыйынтыктайт

04.11.2022 09:48
738
"Барселонанын" легендарлуу оюнчусу карьерасын жыйынтыктайт

2008-жылдан бери испаниялык "Барселона" клубунун курамында оюн алып барган коргоочу Жерар Пике футбол талаасындагы карьерасын жыйынтыктай турганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорт булактары кабарлады.


Маалыматка ылайык, Пике "Барселона" үчүн акыркы беттешин 5-ноябрда "Алмерия" клубуна каршы беттеште өткөрөт.


Пике сегиз жолу Испания чемпионатын, жети Испания Кубогун, алты Испания Суперкубогун, үч жолу Чемпиондор Лигасын, үч жолу УЕФАнын Суперкубогун жана үч жолу клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун уткан.

2010-жылы ал Испаниянын мыкты коргоочусу деп таанылган, ошол эле жылы Испания курама командасынын курамында дүйнө чемпиону болгон.

Улуттук курама менен Евро-2012де да жеңишке жеткен.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн