Аргентина улуттук курама командасынын жана "Барселона" клубунун оюнчусу Серхио Агуэро расмий түрдө карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу ал атайын уюштурулган маалымат жыйында билдиргенин чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты
. Футболчу мындай чечимди ден соолугуна байланыштуу кабыл алган. Тагыраагы буга жүрөк оорусу себеп болгон.
"Ден соолук биринчи орунда. Дарыгерлер мага футболду токтотууну сунушташты. Ошондуктан мен "Барселонадан" жана биротоло профессионалдуу футболдон кетип жатам", - деп билдирген футболчу маалымат жыйында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн