"Байнелл" компаниясы "Кыргызстан социал-демократтар" партиясын сотко берди. Саясий партиянын өкүлдөрү баннерлерди жасагандыгы үчүн акча төлөгөн эмес. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аталган фирманын юристи Тилек Меделиев билдирген.
Анын айтмында чыгым 1 миллион 200 миң сомду түзөт.
"Биздин компания бардык шарттарды аткарды. Тууларды, баш кийимдерди, футболкаларды жана баннерлерди чыгарып берди. "Социал-демократтардын" өкүлдөрүнө айтылган убакта жеткирилген. Алар 1 миллион 144 миң 900 жүз сомду 2020-жылдын 12-октябрына чейин төлөп бериши керек эле",- деди юрист.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн