Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 20:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Бешинчи канал" айрым кызматкерлердин билдирүүсүнө жооп кайтарды

05.04.2021 18:20
867
"Бешинчи канал" айрым кызматкерлердин билдирүүсүнө жооп кайтарды

“Бешинчи канал” ЖАКнын айрым кызматкерлеринин билдирүүсүнө байланыштуу расмий жооп берди. Бул тууралуу "Бешинчи каналдан" билдирди.


 Өлкө башчысы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик органдарга, мамлекеттин үлүшү бар мекемелерге мамлекеттик каражатты үнөмдөө жана максаттуу пайдалануу боюнча бир катар талаптары, штаттык бирдиктерди кайра карап, оптимизациялоо боюнча тапшырмалар коюулган. Дал ушул мамлекеттик саясаттын негизинде мыйзамга ылайык “Бешинчи канал” ЖАКсы тарабынан оптимизациялоо иштери жүрүп жатат. Мындай батыл кадамга баруунун себеби, буга чейинки жетекчилик тарабынан өздөрүнө ыксыз түрдө жогорулатылган айлык-маяна коюп, 75 миң, 50 миң сомду ай сайын алып турушкан. Республикадагы экономикалык жагдай, COVID19 эпидемиялык абалында мындай айлык алуу эч бир логикага туура келбесин жарандар түшүнөт деп ойлойбуз. Дал ушул себептерден улам, айлык акыны ыксыз көбөйтүп алуунун негизинде 2020-жылдын декабрь айынын эмгек маянасын 2021-жылдын эсебинен жыл этегинде алышып, 2021-жылдын бюджетине тартыштык жаралган. Мына ушундай кырдаалда эмгек жамаатты туруктуу айлык акы менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик мекемелердин чыгымдарын оптимизациялоо талаптарын эске алуу менен айлык акыларды кыскартуу демилгеси башталган. Бул жерде негизинен катардагы кызматкерлерден аз өлчөмдө, редактор, продюссер, жетекчиликтин айлык маяналары 40-50 пайызга чейин кыскарган (бул топ жалпы мамлекетте жүргузүлүп жаткан оптимизациялоо саясатына каршы чыгып жаткандыгы анык). Бул боюнча жалпы эмгек жамааттын чогулушунда бир нече жолу айтылып, жалпы макулдук берилген. Маяна боюнча кыскартуулар башталганда жалпы жыйын өткөзүлүп, каналдагы бардык жетекчилер өздөрүнө тиешелүү бөлүмдөргө так маалыматтарды айтып, жалпы коллектив менен макулдашышкан. Ал эми штаттык бирдик боюнча тактоо киргизсек, 81 штаттык бирдиктен 76 штаттык бирдик иштеп жатат жана эч кандай кошумча штат ачылган эмес. Муну менен катар программалар боюнча ар бир дүйшөмбү сайын жетекчилер менен талкуу жүргүзүлүп турат жана ошол чогулуштарда бир дагы кайчы пикирлер айтылган эмес. “Иш бөлмөлөр” боюнча айтсак, дал ушул “тоголок каттын” автору жалгыз бөлмөдө отуруп, калган кызматкерлер 2-3 адамдан бир бөлмөдө отураары чындык. Эмгек жамааттагы “өз жана жат” деп бөлүнүү боюнча айтканда ТВдагы бир гана бөлүмдүн айрым кызматкерлери жаңы жетекчиликтин иш боюнча талап-суроосунунун тегерегинде интрига уюштуруп, айрым таланттуу журналистерди “өз короосуна тартуу” менен алек. 

Белгилей кетсек, мындай маселелер коллектив ичинде талкууга алынып келген жана ич ара сыртка чыкпаш керек эле. “Бешинчи каналдын” айрым саналуу кызматкерлери жалпы жамааттын атын сатып, өз алдынча билдирүу тараткандарын жалпы эмгек коллективи айыптайт жана ал жердеги жазылган пикирлерди жалган жалаа деп эсептейт. Айрым адамдардын пикири жалпы жамааттын көз карашын чагылдырбайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн