Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 23:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Beta Stores" соода борборунун жанында ок атылып, бир киши жаракат алды

22.07.2021 17:23
508
"Beta Stores" соода борборунун жанында ок атылып, бир киши жаракат алды

Кечээ Бишкектеги соода борборлордун жанында ок атылып, бир жаран октон жаракат алган. Октябрь РИИБи маалыматты тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.


21-июль күнү саат 14:40 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө шаардагы соода түйүндөрдүн жанында октон жаракат алган жарандын жатканы боюнча маалымат түшкөн.


Жерине ыкчам тергөө тобу барганда И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда Түркиянын жараны Ч.А. ошол күнү өз ара пикир келишпестиктен ага карата ок чыгарып, андан ары качып кеткенин айткан.


Ок жабырлануучунун төш тарабына тийген. Жабырлануучу алган жаракаттарынын негизинде шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Ал эми окуя болгон жерден "МР79 9 ТМ" үлгүсүндөгү тапанча жана 1 ок табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.


"Териштирүү иштеринде жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда акча үчүн уруш чыккан. Түркиянын жараны Ч.А.нын айтымында, 21-июль күнү саат 11:30 чамасында И.Н. менен соода борборлордун биринде жолугушуу өткөрүүнү суранган. Андан кийин ага болжолдуу кол салуу боло турганы тууралуу маалымат телефон аркылуу эскертилген. Жолугушууда И.Н. Ч.А.га тапанча сунуштап, жеке коргонуусуна колдонуусун айткан. Бирок ал коркуп кетип, бөлмөдөн качып чыккан. Ошол убакта ал тапанчанын атылган үнүн угуп, андан ары коркуп качып кеткен. Анткени ал өзүнө кол салуу болот деп ойлогонун айткан. Учурда териштирүү жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн