Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 14:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Бири-бирибизге сын айтып жатканда боюна, оюна асылбасак",- Жапаров

16.02.2022 19:59
676
"Бири-бирибизге сын айтып жатканда боюна, оюна асылбасак",- Жапаров

Бири-бирибизге сын-пикир айтып жатканда боюбузга, оюбузга тийишпесек.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


"Бири-бирибизге сын-пикир айтып жатканда боюбузга, оюбузга тийишпесек. Мен Израилден консультант чакырып жаттым эле. Анткени Израиль 4,1 миллиард долларлык айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттойт экен. Биздики болгону 43 миллион доллар. Аны келип жардам бер десек, "парламентиңер сизди, анан еврейлерди жаман көрөт экен, келбейм" деп жатат. Тамашалап койгон, ал киши менен көп жылдан бери доспуз деп араң кутулуп жатам. Бизге тамаша көрүнгөнү менен башкаларга бөлөкчө көрүнүп калат экен", — деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн