Кадамжай районунда “Биримдик” партиясынын мүчөлөрү “Эч ким эч качан жалгыз калбайт” акциясынын алкагында мектеп мугалимдерине жана медициналык кызматкерлерге колдоо көрсөттү.
Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон мугалимдерге жана медицина кызматкерлерге 750 социалдык пакет таратылып берилди.
“Биримдиктин” Кадамжай
районундагы аймактык уюму партиянын башка мүчөлөрү сыяктуу ар кандай сындарга,
түшүнбөстүктөргө карабай муктаж болгон жарандарга жардам берүүнү токтоткон жок.
Ушундай кең пейил принципти карманууга тийиш.
"Партия мүчөлөрү өз демилгелери менен карантиндин алгачкы күндөрүнөн бери кыргызстадыктарды колдоп келишет. Биз ушундай кадамдарыбыз менен аймактарда өткөрүлүп жаткан “Кең пейил кербени” сыяктуу бир катар жалпы акцияларыбыз менен сыймыктансак болот. Бир жерден баштаган аракеттер шаарга, аймактарга жана республиканын бардык тургундарына жетип жатат. Бул оор күндөрдү бирге жеңе турганыбызды көрсөтөт. Биз кең пейил адамдардын өлкөсү болушубуз керек. Биримдик - биздин күч”, - деп билдиришти партиялаштар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн