Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Биримдик" Панфилов районунда 700 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөттү

13.05.2020 07:54
1422
"Биримдик" Панфилов районунда 700 үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөттү


Бишкек шаарынан анча алыс эмес Чүй облусунун Панфилов районунда гуманитардык жардам келе элек аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө “Биримдик” партиясынын аймактык уюмунун өкүлдөрү тарабынан колдоо көрсөтүлдү.


Маалыматка ылайык, карантинге байланыштуу бул райондо жардамга өтө муктаж болгон адамдар бар, жалпысынан партия тарабынан 700 үй-бүлөгө социалдык пакет таратылды.


Жардам алган жарандар колдоо көрсөткөн партиянын активдүү мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиришти.


Белгилей кетсек, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал башталгандан тартып, Кыргызстандын бардык аймактарында муктаж болгон жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча "Биримдик" партиясы тарабынан “Кербен”, “Берекелүү нан” жана “Өмүр жолу" акциялары улантылып келет. Өзгөчө көңүл мектеп мугалимдерине, дарыгерлерге жана муниципалдык кызматкерлерге бөлүнүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн