Бугу 19, 2024
Убакыт: 18:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Биримдик": Соцтармактарда тизме тууралуу таратылып жаткан маалымат – фейк

03.08.2020 18:04
1323
"Биримдик": Соцтармактарда тизме тууралуу таратылып жаткан маалымат –  фейк


Социалдык тармактарда "Биримдик" партиясынын тизмеси тууралуу таратылып жаткан маалымат –  фейк. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.


Анын айтымында, «Биримдик» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси партиянын съездинде делегаттардын добуш берүүлѳрү аркылуу түзүлѳт. 


Буга чейин социалдык тармактарда «Биримдик» саясий партиясынын атынан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси жарыяланып, ага Марат Аманкулов, Төрөбай Зулпукаров, Нуркан Керимбаев, Гүлшат Асылбаева, Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Камчыбек Жолдошбаев, Аида Касымалиева, Исхак Пирматов, Асылбек Жээнбеков, Мухаммедкалый Абылгазиев, Айнуру Алтыбаева, Улан Примов, Бакыт Төрөбаев, Айбек Эрнис уулу жана Самара Каримова киргизилген.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн