Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:21
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Биримдик" партиясы "Реформанын" арызына жооп кайтарды

19.10.2020 09:23
1494
"Биримдик" партиясы "Реформанын" арызына жооп кайтарды

“Биримдик” партиясынын жообунда саясий партиялардын ишмердүүлүгүн токтотуу сот чечиминин негизинде гана партия мыйзамдан тыш кылган аракети үчүн ишке ашары белгиленген.

Анда: “Биримдик” партиясынын ишмердүүлүгүн токтотууга эч кандай негиз болгон эмес. “Реформа” партиясынын Юстиция министрлигине жазылган арызын биз чагым жана биздин партиянын аброюна чабуул аракети деп түшүнөбүз. Юстиция министрлигинин сотко кайрылуусуна да эч кандай негиз жок” деп жазылган. Мындай билдирүүнү партия 18-октябрда таратты.

“Реформа” партиясы 17-октябрда Юстиция министрлигине кайрылып, “4-октябрдагы шайлоодо Конституцияны жана мыйзамдарды бузду” деген негиз менен «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партияларынын ишмердүүлүгүн токтотуу маселесин сотко жиберүүнү сураган.

Муну менен бул партиялар өлкөнүн демократиялык имиджине зыян келтиришти. «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары 4-октябрда шайлоочулардын добушун сатып алышып, шайлоонун купуялуулугуна бут тосушту, шайлоочуларды коркутуп, паспортторун алып коюшту, алардын добуш берүү дарегин мажбурлап өзгөртүштү” деп жазылган “Реформанын” кайрылуусунда.

Кайрылуу ээлери аталган үч партиянын бул аракеттери “элдин көтөрүлүүсүнө, коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келип, муну менен Кыргызстанда “жарандык согуш чыгуу” коркунучун жаратты деп эсептешет.

“Реформанын” кайрылуусуна азырынча “Мекеним Кыргызстан” менен “Кыргызстан” партиялары жооп кайтара элек.

Эске салсак, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлоо өткөн. Ага 16 саясий партия катышып, БШКнын баштапкы маалыматы боюнча, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары талап кылынган 7% босогону ашып өтүшкөн.

Натыйжада шайлоо жыйынтыгына нааразылык жаралып, ал массалык башаламандыкка айланган. Жаалданган митингчилер 6-октябрга караган түнү президент жана парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Коррупцияга айыпталып камалган мурунку президент, премьер-министрди баш кылып, бардык аткаминерлерди, алардын ичинде Садыр Жапаровду да абактан бошотуп алышкан.

Тополоңдон кийин БШК 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн