Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Биримдик" партиясынын IV съезди сүрөттөрдө

20.08.2020 11:13
1381
"Биримдик" партиясынын IV съезди сүрөттөрдө


«Биримдик-Единство» демократиялык социализм-евразиялык тандоо партиясынын IV съезди ѳттү. 


Съездге партия мүчѳлѳрү, коноктор, эксперттер катышып, делегаттар күн тартибинде саясий кеңештин курамынан айрым мүчѳлѳрдү  чыгаруу жана алардын ордун толуктоо, партиянын программасын бекитүү жана алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү маселелерин карашты.


Съездди «Биримдик-Единство» партиясынын тѳрагасы Марат Аманкулов ачып, саясий мейкиндикте жаңы идеологияны түзүү мезгили келип жеткенин, бул учурдун талабы экенин билдирди.


"Биримдик-Единство" демократиялык социализм-евразиялык тандоо" партиясы - бул евразиялык демократиялык социализм идеологиясы. Биздин ички руханий биримдигибизге негизделген аң –сезимдүү ырааттуу евразиялык интеграция – биздин партиянын ишиндеги башкы багыт болуп эсептелет.

Евразийство – бул элдердин этникалык, тарыхый, маданий, менталдык жалпылуулугу. Евразиялык мейкиндиктин элдери болуп эсептелген бизди жалпы руханий баалуулуктар жана окшош дүйнө тааным  бириктирип турат”, - деген Марат Аманкулов.


Ошондой эле, партиянын түптѳлгѳнүнѳ аз эле убакыт болсо дагы партияда реалдуу максаттарды ишке ашыра турган, Кыргызстанга кантип инвестиция тартуунун жолдорун билген, инновациялык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыра алган команда бар экенин кошумчалады.


Тѳраганын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров алдыдагы шайлоодо эл туура тандап калыс баасы берет деген ишенимде экенин айтып, бул жолку шайлоодо – шайлоочулар саясий партиялардын мурдагыдай Ай-Күндү алып берем деген убадаларына ишенбесин, анткени пандемия кѳп нерселерди ѳзгѳртүп, эң биринчи бийликке болгон талап ѳскѳнүн, мындай шартта “Биримдик” партиясы кѳпчүлүктүн кѳңүлүндѳ жүргѳн, баарына түшүнүктүү идеологиялык платформаны сунуштаарын жана “Биримдик” партиясы алдына койгон максаттарын жүзѳгѳ ашырууга кудурети жете турган партия экенине кеңири токтолду. 


“Биздин партия “Биримдик” деп жөн жерден айтылбайт. Биримдик – бул улуу сөз, бийик түшүнүк. Кыргыз эли кылымдардан бери калк башына түшкѳн кыйынчылыктарды дайыма биримдик менен жеңип келген. Пандемия элибиздин биримдигин дагы бир жолу тастыктады. Акылман элибиз “Жабыла кѳтѳргѳн жүк жеңил”, “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгар” деп бекер айтпайт. Буга чейин калктын калың катмарында, республиканын булуң-бурчтарында иш алып барып, идеябызды колдогон тилектештерибизди таптык. “Биримдик” саясий партиясы ѳзүнүн курамына элибиздин эң мыкты уул-кыздарын топтой алды. Биздин партиянын тизмесинде ѳлкѳбүздүн ѳсүп-ѳнүгүшү үчүн билимин, тажрыйбасын, ак ниетин, асыл эмгегин жумшап жаткан элибиздин чыгаан инсандары, муктаждарга, элге колун сунган меценаттар, ѳзгѳчѳ буга чейин парламентке келүүсү зарыл болгон илимдин докторлору, илимий даражага ээ юристтер бар”,  - деген Төрөбай Зулпукаров.


"Биримдик" партиясы мамлекеттик кызматкерлер коомчулук алдындагы милдетин жоопкерчилик менен аткарып, кесипкөйлүк менен таза иштөөгө багыт алуу үчүн мамлекеттик кызматкерлердин  жана мамлекеттик органдардын ишине онлайн-көзөмөл жүргүзүү саясатын колдойт. Бул тууралуу партиянын мүчѳсү Акылбек Жамангулов тѳмѳнкүчѳ ырастады.


“Маалыматташтыруу жана электрондук мамлекетти куруу – өлкөдөгү эң эле маанилүү милдеттердин бири жана  мамлекеттик аппаратты жарандык коом үчүн кыйла натыйжалуу, арзан жана ачык кылууга, ал эми жарандарга мамлекеттик тейлөө кызматтарын интернет аркылуу колдонууга  мүмкүнчүлүк түзөт.  Маалыматташтырууну жана электрондук мамлекетти өнүктүрүү чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүүнү жеңилдетет жана экономиканын өнүгүүсүнө түрткү берет, ошондой эле карапайым жарандардын турмушун алда канча ыңгайлуу кылат”, - деген Жамангулов.


Мамлекеттин эң башкы милдети жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылып берүүсү. Ал үчүн  социалдык саясатка өзгөчө көңүл буруу керек. Бул калктын акчалай кирешесинин өсүү динамикасынан жана анын жашоо үчүн зарыл болгон минимумга карата катышынан, адамдардын жашоо жана иштөө чөйрөсүнүн сапатынан, турак-жайдын жана жогорку сапаттагы саламаттыкты сактоонун, билим берүүнүн калктын бардык катмарларына жеткиликтүүлүгүнөн көрүнөт. Тилекке каршы, учурдагы калктын социалдык абалы кѳңүл сүйүнтѳѳрлүк эмес. Ушундан улам эл менен бийликтин ортосундагы ажырым пайда болуп, бийлик институттарынына болгон ишеним жоголууда. Мунун кесепети мамлекеттин бүтүндүгүнѳ доо кетирүүгѳ шарт түзѳт. "Биримдик" партиясы бул жаатта тѳмѳнкүдѳй иш-аракеттер жүргүзѳѳрүн Улукбек Кочкоров айтып берди.


социалдык адилеттүүлүк принцибин камсыз кылуу;

калкты жумуш менен толук камсыз кылуучу шарттарды түзүү жана калктын реалдуу акчалай кирешесин жогорулатуу. Жарандарга убактылуу жумушсуз калган учурда мыйзамга ылайык өлчөмдө, бирок минималдуу керектөө бюджетинен төмөн эмес өлчөмдө жөлөк пул төлөп берүү;

• жарандардын адилеттүү эмгек акы алууга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу; айлык акынын, пенсиянын, стипендиянын, жөлөк пулдун жарандардын биринчи кезектеги муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүнчүлүк бере турган деңгээлдеги төмөнкү өлчөмүн аныктоо;

• социалдык коргоонун даректүү колдоо системасын өнүктүрүү, мындай колдоо биринчи кезекте жетим балдарга, майыптарга, улгайган жалгыз бой жарандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө, кызматтык парзын аткарып жатып жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүгө тийиш;

- калктын бардык катмарларынын жогорку сапаттагы медициналык, билим берүүнүн жана коммуналдык тейлөөлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

-  социалдык турак жай программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- үй-бүлө институтун чыңдоо программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

энени жана баланы коргоонун атайын программасын ишке ашыруу;

• жаш жарандарды укуктук жана социалдык жактан коргоону, камсыз кылган мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу;


Съезддин жүрүшүндѳ, «Биримдик» партиясынын дарегине жѳнѳтүлгѳн Россия Федерациясынын “Справедливая Россия” саясий партиясынын тѳрагасы Сергей Мироновдун куттуктоосу делегаттарга тааныштырылды. Ошондой эле Роза Айтматова, Талантбек Ѳмүрбеков ѳңдүү коомдук ишмерлердин пикирлери жана куттуктоолору делегаттар тарабынан жылуу кабыл алынды.


Пандемияны эске алып, съезд санитардык нормаларды сактоо менен ѳткѳрүлдү. Партиянын Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Кѳл облустарындагы ѳкүлдѳрү да съездге онлайн катышуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, ѳз пикирлери менен бѳлүштү. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Кадырбек уулу Болот
Колдойм Биримдикти