Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Бишкек машина куруу заводунун" мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 62 га жери мамлекетке кайтарылды

01.11.2022 15:19
360
"Бишкек машина куруу заводунун" мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 62 га жери мамлекетке кайтарылды

"Бишкек машина куруу заводунун" мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 62 га жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Новопавловка айылында жайгашкан акцияларынын 75,8% мамлекетке таандык болгон "Бишкек машина куруу заводу" ААКга таандык жалпы аянты 62 га жер участогун сатуунун мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүзүлдү. 


 Текшерүүдө, айрым адамдардын укукка каршы жосундарынын натыйжасында "БМЗ" ААКнун башкармалыгынын протоколун жана чечимин, ошондой эле бул жер участогун сатып алуу-сатуу бүтүмүн тариздөө үчүн ишеним катты жасалмалоо жолу менен 62 га жер участогуна менчик укугу үчүнчү жактарга мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.


 Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан "БМЗ" ААК башкармалыгынын мүчөлөрүнүн 2018-жылдагы жыйынынын чечимин жана протоколун, ошондой эле жалпы аянты 62 га жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө Сокулук райондук сотуна доо арызы берилген. Натыйжада, соттун чечимдери менен прокуратуранын доо талаптары толугу менен канааттандырылып, алар жараксыз деп табылган.


Жыйынтыгында, жалпы баасы 82 млн 460 миң сомду түзгөн аянты 62 га болгон жер тилкеси "БМЗ" ААКнун башкармалыгынын чечими менен баланска кабыл алынып, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн