Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 15:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

"Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясы өз ишин баштады

24.04.2025 11:07
26
"Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясы өз ишин баштады


“Ала-Арча-1” мамлекеттик резиденциясында "Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу" эл аралык конференциясы президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өз ишин баштады.


Эл аралык иш-чараны президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова ачып, конференциянын ишине ийгилик каалады.


Атайын өкүлдүн айтымында, конференцияга 50дөн ашуун мамлекеттин жана 30га жакын эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өлкөнүн министрлик, мекеме уюмдарынын кызматкерлери катышууда.


Белгилей кетсек, эки күнгө созулган эл аралык конференция президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясынын тарабынан аталган тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023-2027) алкагында өткөрүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн