Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:14
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Бишкекгаздын" кызматкери акча талап кылууга шектелип кармалды

"Бишкекгаздын" кызматкери акча талап кылууга шектелип кармалды

«Газпром Кыргызстан» компаниясынын «Бишкек газ» филиалынын кызматкери акча опузалоого шектелип кармалды Бул тууралуу бүгүн, 23-январда «Tazabek» жазды.


Маалым болгондой, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Бишкектеги башкармалыгына шаар тургуну кайрылган. Ал 40 миң сом опузалаган «Бишкек газдын» А. жана К. аттуу кызматкерлерине чара көрүүнү суранган.


«Каржы полициясынын кызматкерлери шектүүлөрдүн бири К.ны кармашты. Анын жанынан мурда белги коюлган 40 миң сом табылган», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн