Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Бишкек" ЭЭАда малыктык башкаруунун катаалданышына байланыштуу субъектилердин саны 1215тен 300гө чейин кыскарды

07.12.2022 10:24
222
"Бишкек" ЭЭАда малыктык башкаруунун катаалданышына байланыштуу субъектилердин саны 1215тен 300гө чейин кыскарды

6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин көчмө жыйынында «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында (ЭЭА) жайгашкан өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чара жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Бишкек ЭЭАнын жетекчилиги, ошондой эле экономикалык аймактын субъекттеринин катышуусунда өттү.

Алгач эл өкүлдөрү биметаллдык радиаторлорду чыгарууга адистешкен «Тан Дем» ишканасына барышты. Бул жерде депутаттар металл эритүү, формаларга куюу, даяр жабдыктарды бекитүү жана тазалоону камтыган радиаторлорду чыгаруу процессин көрүштү. Андан соң депутаттар «Жибек-Жолу» дублерин өндүргөн импорттук-экспорттук соода компаниясынын, күн энергиясын пайдалануучу панелдерди чыгаруучу «Нью Тек» ЖЧКсы жана синтетикалык кездемелерди чыгаруучу «Фая Текстиль» ЖЧКсы ишмердүүлүгү менен таанышты.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү Бишкек ЭЭАда чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча өз сунуштарын жана сын-пикирлерин айтышты. Ошондой эле депутаттар КР Эмгек кодексине ылайык коопсуздук чараларын сактоого жана жумушчулардын укуктарын коргоого чакырышты.

Өз кезегинде «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаров экономикалык аймактын ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. «2022-жылдын 1-октябрына карата Бишкек ЭЭАнын субъекттеринин реестринде 318 субъект катталган. 2022-жылдын 9 айында «Бишкек» ЭЭАнын Башкы дирекциясынын cубъекттер менен өз ара аракеттенүү, инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташуу борбору тарабынан жалпы көлөмү 1 691,1 млн сомдон ашык суммадагы инвестицияны түзгөн 24 келишимге кол коюлган», - деди К.Тайчабаров.

Мындан тышкары, ЭЭАнын жетекчиси эркин экономикалык аймактын алкагында салык режимин мындан ары либералдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу сөз кылып, дүйнөнүн кайсы мамлекетинде болбосун ЭЭА өлкөнүн инвестициялык климаттын жүзү экенин баса белгиледи.

Ал эми депутат Аманкан Кенжебаев «Бишкек» ЭЭАда 12 жыл иштегенин белгилеп, ошондой эле эркин экономикалык аймакты түзүү боюнча жумшалган аракеттерге жана максаттарга кеңири токтолду. «Тилекке каршы, азыр ЭЭАда экономикалык ишмердүүлүктү жөнгө салуу режими жалпы белгиленген режимден анча деле айырмаланбайт жана инвесторлор үчүн алгач түзүлгөн жагымдуу шарттарга дал келбейт. Салыктык башкаруунун катаалданышына байланыштуу субъектилердин саны 1215тен 300гө чейин кыскарып, азыр дагы кыскарууда. Эгерде СЭЗди сактап калабыз десек, аны жөнгө салуу боюнча салыктык жана укуктук нормаларды кайра карап чыгып, ЭЭАнын саясатын аныктоодо, чарбалык иштерди жүргүзүүдө ага көбүрөөк көз карандысыздык берүү зарыл», - деди А.Кенжебаев.

Комитет депутаттары бул пикирди колдоп, сунушту Төрага Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусунда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында кеңири талкуулоо үчүн комитеттин чечимине киргизүүнү сунушташты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн