"Бишкек Эркин Экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору Дүйшөн Ирсалиев УКМКнын абагына камакка алынды. Мындай өкүмдү Биринчи Май райондук соту чыгарган. Бул тууралуу 24.кг агенттиги жазып чыкты.
Маалым болгондой, сот Дүйшөн Ирсалиевди 19-январга чейин УКМКнын абагында калтырган. Өкүм 9- январда чыгарылган.
Эске салсак, Дүйшөн Ирсалиев коррупцияга шектелип кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн