Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 03:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

"Бишкексууканал" Садыр Жапаровдун саясатына каршы иштейби?

25.05.2022 12:56
1003
"Бишкексууканал" Садыр Жапаровдун саясатына каршы иштейби?



Бишкектин Ак-Босого конушунунун бир бөлүгүндө жашаган тургундардын суусун "Бишкексууканал" кан буугандай токтотуп, акча талап кылып жатат. Бул тууралуу аталган конуштун жашоочулары билдирди.


Алардын айтымында, документтери толук бүтпөгөн бул жерде көп жылдан бери сууга дүмүрчөк келбей келген.


Эми президент Садыр Жапаровдун аракети менен документтер бүтө баштаганда келишим жок эле "Бишкексууканал" акча талап кыла баштаган дешет.


 Ысыкта сууну токтотуп таштаганы кандай булардын? "Бишкексууканалдын" чоңдору элди ушундай жол менен эзебиз деп жатабы? Бул аракети президент Садыр Жапаровдун саясатына каршы эмеспи? Атайын келишим түзүп, дүмүрчөк берип, андан соң эл сууга төлөбөсө ошондо сууну токтотсо болбойбу? Элди ушуга окшогон өз ишин билбеген мекемелер көтөрүп, бийликке каршы койбойбу?

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн