Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Бишкекжылуулукэнерго" кышка дээрлик даяр

09.09.2021 09:26
831
"Бишкекжылуулукэнерго" кышка дээрлик даяр

"Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын жыйындар залында ишкананын директору Байымбет Байгараевдин төрагалыгы алдында бөлүмдөрдүн жана кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда пландуу жыйын өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, учурда ишкана отканаларынын күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча иштерди жыйынтыктоодо. Жыйында бөлүм жетекчилери аткарылган жана аткарылып жаткан иштер боюнча отчет беришти.


Жолугушуунун жыйынтыгында директор жетекчилерге ишти пландаштырууга жоопкерчилик менен мамиле кылууну жана иште кайчылаштыкты жаратпоо үчүн сатып алуу боюнча сунуштарды өз убагында аткарууну тапшырды.


Ошондой эле, пландалган иштерди ийгиликтүү аяктоо үчүн техникалык коопсуздукту милдеттүү түрдө сактоо менен жер-жерлерде иштеп жаткан кызматкерлердин иш графигин кайра карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн