Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 18:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Биз дени сак Кыргызстан үчүн" деген ураан менен жазгы мектеп спартакиадасы өткөрүлдү

23.05.2022 11:00
436
"Биз дени сак Кыргызстан үчүн" деген ураан менен жазгы мектеп спартакиадасы өткөрүлдү


Спорттук оюндар туруктуулукту, кайраттуулукту чыңдоого, жигердүү жана сергек жашоого болгон кызыгууну өнүктүрүүгө жардам берет!

 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Мэриясынын Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти менен биргеликте окуучулар арасында турнир өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


 Иш-чаранын негизги максаты мектеп окуучуларын спортко, сергек жашоого үндөө жана жаман адаттардан баш тартуу!

 ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу кызматкери Таалай Суваналиев балдардын укмуштуудай оюну үчүн ыраазычылык билдирип, өмүр бою жашоонун тандоодо туура токтоп, бардык чөйрөгө терс таасирин тийгизген ар кандай зыяндуу заттарды колдонуудан алыс болууну каалады. 

 Байгелүү орундарга ээ болгон бардык катышуучуларга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан эстелик белектер тапшырылды.




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн