Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Биздин эл" партиясы кайра өтө турган шайлоодон баш тартты

15.05.2021 07:38
1778
"Биздин эл" партиясы кайра өтө турган шайлоодон баш тартты

"Наш Народ" (Биздин эл) партиясы Бишкек шаардык кеңешине кайрадан өтө турган шайлоого катышпайт. Бул тууралуу партиянын төрагасы Аскарбек Алмаз уулу өз кайрылуусунда билдирди.


Анын айтымында, партия эч кандай мыйзам бузууга барбастан шайлоодо жеңишке жетишкен.


"Биздин партия өткөн шайлоодо ачык жана таза иштеп шаардык кеңеште жеңишке жетишти. Бул үчүн бардык шайлоочуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биз Бишкек шаардык кеңешине кайрадан өтө турган шайлоого катышпай турганыбызды билдиребиз. Анткени шайлоого катышууга партиянын каражаты жетпейт.


Биз кайрадан шайлоого барсак, мындан да көп добушка ээ болмокпуз. Биз шайлоого катышпай деле иштесе боло турганын далилдейбиз. Биз бийлик үчүн эмес, жл үчүн иштейбиз",- деди Аскарбек уулу.


Партиянын курамынан Алмаз Аскарбек уулу, Болот Ибрагимов жана ырчы Анжеликанын чыкканы белгилүү болду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн