Бишкек айматык шайлоо комиссиясы 25-марттагы отурумунда "Биздин эл" партиясынын мүчөсү Анжеликага жазуу түрүндө эскертүү берүү чечимин кабыл алды.
БШКнын маалыматы боюнча, 19-мартта Бишкек АШКга К.Маратовдон “Биздин эл” партиясынан талапкер А.Кайратова тарабынан шайлоо кампаниясынын тартибин жана шарттарын бузгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.
Үгүт иштери "Де-факто" гезити тарабынан жүргүзүлгөн, бул шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелеринин талаптарын бузуу болуп саналат.
Анжелика "Де-факто" гезитине 1-мартта маек берген. Бул маек 12-мартта жарык көргөн. Ушуга карабастан ырчы талапкерге шайоо өнөктүгү башталгандан мурда маек кургандыгы үчүн эскертүү берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн