Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Бизге сиздей министрдин кереги жок, Сабырбек Жумабековду кызматтан алганча өзүңүз кетиңиз" (видео)

03.02.2022 09:28
855
"Бизге сиздей министрдин кереги жок, Сабырбек Жумабековду кызматтан алганча өзүңүз кетиңиз" (видео)

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана Ортопедия улуттук илим изилдөө борборунун башчысы профессор Сабырбек Жумабековду кызматтан кетирүү керектигин билдирип, аны айыптап чыкты.


Ал эми оорулуу жарандар Жумабеков кызматтан кеткенче "уу коргошун министр" өзү кетиш керек деп эсептейт.


"Азыр 35 киши кезекте турат. Мен азыр Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушум керек болуп жатат. Кечээ эртең менен 8де мен жокто мас абалда келип, Жумабековду кетирем деп кетиптир",- деди Сабырбек Жумабеков.


Ал эми ооруканада кезек күткөн жарандардын бири Алымкадыр Бейшеналиев өзү кызматтан кетишин талап кылды.

"Мени министр абдан жакшы тааныйт. Менин жолдошума операция жасаларда аны 1,5 саат күткөнбүз.

Канчалаган адамдарды айыктырып жаткан профессорду кетиргенче өзүңүз эле кетип калыңыз. Бизге сиздей министрдин кереги жок",- деди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн