Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 12:18
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Бизнести текшерүүгө радикалдуу мамиле бюджетти жоготууга алып келет

21.05.2020 19:46
2092
Бизнести текшерүүгө радикалдуу мамиле бюджетти жоготууга алып келет


Бизнести текшерүүгө карата жасалган радикалдуу мамиле бюджеттеги жоготууга алып келет. Бул тууралуу бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов билдирди.


Депутат мыйзам үстөмдүгүн сактоодогу, жарандардын укугу менен кызыкчылыгын коргоодогу прокуратура органдарынын маанилүүлүгүнө токтолду. “Башка күч түзүмдөрүнүн ишин координациялаган башкы көзөмөл органы – прокуратурага чоң ишеним жүктөлгөн”, – деди ал.


Андан тышкары, эл өкүлү ишкердик субъектилерин текшерүү саясатын кайра карап чыгууга чакырып, азыркы тапта ири ишканаларга карата Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кылмыш иштери козголуп, эсептери камакка алынып жатканын белгиледи.   


Ооба, бизнес мыйзамды сакташы керек. Бирок мындай мамиле алардын ишине зыянын тийгизип, республикалык бюджет ири жоготууга учурап жатат. Инвесторлор башка өлкөлөргө кетүүгө мажбур. Мен коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар тууралуу айткан жокмун. Алар тыкыр иликтениши керек. Сөз текшерүүгө өздөрү кызыкдар болуп, ачык-айкын иштеген ишкерлер тууралуу болууда. Эгер мыйзам бузуу байкалса, алардын мүлкүн жана эсебин камакка албай эле, параллелдүү түрдө текшере бериш керек” – деген Иса Өмүркулов коомдун бардык турмуш чөйрөсүндө бизнес-коомчулуктун социалдык ролу жогору экенин кошумчалады.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нурмат
Иса Омуркуловту Сталин мезгилинде "казнокрад, вор" деп, без суда и следствия расстрелять деп аттырып салмак.