Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамынан дагы эки өкүл четтеди

24.08.2020 19:13
1305
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамынан дагы эки өкүл четтеди


"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын курамынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Абдыманап Кутушев жана Мурадыл Мадеминов кетти. Бул тууралуу алар социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиришти.


Кутушевдин айтымында, партиянын катарынан пикир келишпестиктен улам кетишкен.

"Биздин мындан аркы партиялык ишмердигибиз боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен сүйлөшүүлөр олуттуу пикир келишпестиктерден улам көздөгөн максаттарга жетпеди. Ошондуктан биз досум Мадеминов Мурадыл Ганиевич экөөбүз 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышпоону чечтик. Ар дайым дилибиз таза, ниетибиз ак болуп келген. Мындан аркы ишмердигибизде да өлкөбүздө адилеттүү коом курууга, эл чарбасынын деңгээлин көтөрүүгө аракетибизди уланта бермекчибиз", - деп билдирүү калтырган.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн