Бугу 05, 2024
Убакыт: 08:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов бийликти күч менен басып алууга чакырган деп шектелүүдө

09.02.2022 09:37
664
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов бийликти күч менен басып алууга чакырган деп шектелүүдө

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун кармалышы тууралуу билдирүү таратты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык») каралган кылмыштын белгилерин камтыган чагымчыл материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле иш боюнча алынган далилдердин негизинде 2022-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын жараны «У.М.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


"УКМК жарандарды социалдык тармактарда таратылып жаткан өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган, кызыкдар күчтөрдүн Кыргызстандагы туруктуулукту бузуу аракетине «оң келүүчү» ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат",- деп айтылат маалыматта.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн