Бугу 03, 2024
Убакыт: 19:33
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

"Бузукка—макул, соого—жок, жомокто баатыр, жоодо жок” эл болдукпу?

23.09.2020 11:46
1727
"Бузукка—макул, соого—жок, жомокто баатыр, жоодо жок” эл болдукпу?


“Жакшылык эскирбейт, күнѳѳ жуулбайт, жазалоочу Кудай болсо ѳлбѳйт, бул жалган дүйнѳдѳ каалаганыңды жаса, бирок кылган кылмышың канча болсо тарткан жазаң ошончо болот”, - деген экен Мухаммед пайгамбар.

Бир ирет андан:

- Айтыңызчы, пайгамбарым, адамдардын жакшылары кайсылар? - деп сурашат.

- Адамдардын жакшылары менин доорумда жашагандар, анан андан кийинкилер, андан соң андан кийинкилер, анан андан кийинкилер да жаман эмес, бирок булардын соңунан ушундай бир адамдар келет, алардын алган анты менен берген убадасы эч качан, эч убакта аткарылбайт, кылган күнѳѳлѳрү чачтан кѳп болуп, жалаа жабуу, жалган сүйлѳѳ, намазга жамынып алып жаман иштерди жасоо, каракчылык кылуу, карып-мискин, кедей-кембагал, мусапыр, колунда жокторду тебелеп-тепсѳѳ, теңсинбѳѳ, байлыгы менен бийлигине дѳѳгүрсүү күчѳйт, - деген экен.

                                                                                       *  *  *

 Ошол Мухаммед пайгамбар айткан доордон бери канча доор ѳттү?

 Биз анда пайгамбар айткан адамдардын кайсынысы менен жашап жатабыз?

 Бүгүн биз ошолордун кайсынысына киребиз?

                                                                                     *  *  *

Эми канттик? “Бузукка-- макул, соого-- жок, жомокто—баатыр, жоодо—жок” эл болдукпу?

                                                                                      *  *  *

Биз дагы Африканын саванналарындагы буйволдор менен антилопалар сыяктуу кааласа бир четибизден жеп кете бере турган жырткычтар менен жанаша жашап жаткан жокпузбу? Бизде буйволдордукуна окшогон ѳткүр туяк, курч мүйүз болбогону менен алардыкынан да курч, алардыкынан да ѳткүр аң-сезим, акыл-эс дегендер бар эмес беле? Анда эмне үчүн “жырткычтардан” коргонуу, сактануу, биригүү деген имунитеттер жок? Африка саванналарындагы арстандар менен чѳѳлѳр, леопарддар менен гиеналар буйволдордун, антилопалардын алсыздарын, начарларын жесе, эмне үчүн бизде эң күчтүү дегендерин, билимдүүлѳрү менен колунан иш келген акылдууларын “терип жеп” келишет? Же “биздин жырткычтар” бизди ѳмүр бою ушинтип ѳзүлѳрүнүн кара курсактарынын жеми, “карасанатай” иштеринин кулу болуп жүрүп ѳтсүн деп тилешеби?

                                                                                      *  *  *

Кейпи начар, кийими ала-дүлѳк,

Керзи ѳтүгү ѳзүндѳй кара жүдѳѳк.

Тачка сүйрѳп, жан багып таңдан кечке,

Ош базарда бир жетим бала жүрѳт.

Каргадайдан башына токмок салган,

Каректерин карадым кош-кош жанган.

Каректерин карасам от айланбай,

Чоң кишинин кѳзүндѳй токтоп калган.

Жеңи менен мурунун сүртүп алып,

Желип барат жүгүн ал түртүп алып.

Кесел болгон кемпирдей туралбастан,

Жерде жатат жетимге тийчү жарык.

Капты ташып карааны караңдаган,

Кабагынан баланын салаңдаган.

Ата Журтум бечара сени кѳрдүм,

Ала качып кѳздѳрүн алаңдаган.

Билем кыргыз баласы экендигин,

Тилеп турдум Кудайдан эсендигин.

Жалгыз ушул баланын тачкасында,

Келаткансыйт сүйрѳлүп Мекен бүгүн!..

                                                                                            *  *  *

Каргыштын эң оору-- Бей-Бечаралардын каргышы, Ата-Эненин каргышы жана Элдин каргышы деген экен. Ушул үч каргыш эч качан кайтпайт, ушул үч каргышка калган адам укум-тукумун менен оңбой калат дешет.

                                                                                            *  *  *

Бир кызыгы, каргыштан “Койдун каргышы гана бѳрүгѳ жетпейт” деген да сѳз бар экен. Эгер чын эле ушундай болсо, кээде менин элимди кѳбүнчѳ момураган малдын момуну койлорго салыштырарын эстеп, анда калктын каргышы элдин жон терисин сыйрып, талап-тоноп, жеп келаткан эки аяктуу “карышкырларга” эч качан жетпейт турбайбы деп ойлодум.

ӨРТ

Көңүл калып, ѳң-алеттен азабыз,

Күндѳ бѳлѳк жолго түшүп басабыз.

Күндѳ бѳлѳк ыйман күтүп Кудайдан,

Биз акырын ѳлүп бара жатабыз.

Бектер-хандар гүлдѳп шапар тебишет,

Бейитиңдин так үстүндѳ жеп-ичет.

Акыйкаттык ѳлгѳн жерде дайыма,

Арзыматтар ырдаганга келишет.

Койбуз, уйбуз, балким кыйган терекпиз,

Биз байларга шайлаар кезде керекпиз.

“Эл” деген биз—макулук да, маймыл да,

Эчким дагы, эчнерсе да эмеспиз.

Ата Журтта ач-жылаңач, араң жан,

Аялга окшоп зордукталган, таланган.

Ѳрттү кѳздѳй жылып келе жатабыз,

Ѳзүбүздүн сѳѳгүбүздѳн каланган

                     

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн