Чын курандын 02, 2025
Убакыт: 14:42
USD
86.60
87.10
EUR
93.40
94.40
RUB
1.015
1.050

"CASA-1000": Датка - Сугд 500 кВ электр аба чубалгысы толук аяктады

31.03.2025 14:54
51
"CASA-1000": Датка - Сугд 500 кВ электр аба чубалгысы толук аяктады


Бүгүн жалпы узундугу 485 чакырымды түзгөн Датка - Сугд 500кВ аба чубалгысы курулуп бүтүп, тестирлик чыңалуу ийгиликтүү берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. 


Маалыматка ылайык, аба чубалгысы CASA-1000 – Борбор жана Түштүк Азиядагы ири энергетикалык инфраструктураны куруу боюнча эл аралык долбоордун алкагында курулду.


Датка-Сугд 500 кВ аба чубалгысын ишке киргизүү аземине Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери, эки өлкөнүн энергетика министрлери, энергетиктери жана куруучулар катышты.


Долбоор Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталып, Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык интеграциясына өбөлгө түзөт. Ал эми Кыргызстан үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачат. 


Энергетика министри Таалайбек Ибраев өз сөзүндө аталган долбоордун ишке ашырылышы кыргыз энергетикасынын өнүгүшүнө карай багыт алган ири кадамдардын бири экенин билдирди. 


"Датка-Сугд 500 кВ электр аба чубалгысынын ишке кирүүсү эки өлкө үчүн чоң жетишкендик. Аталган долбоор толугу менен ишке ашканда кыргыз энергетикасынын өнүгүүсүнө карай багыт алган жолдордун бири болот десек жаңылышпайм. Себеби, келечекте биз бул линия менен Афганистан, Пакистан өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн