Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 13:39
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Чакан ГЭС" ишканасынын жетекчилеринин бири 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

"Чакан ГЭС" ишканасынын жетекчилеринин бири 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

“Чакан ГЭС” ААКнын жетекчилеринин бири А.М. пара менен кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


УКМК тарабынан энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында өлкөнүн энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын бети ачылды. Анда, “Чакан ГЭС” ААКнын жооптуу адамдары тарабынан курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келишине карабай алдын ала пара («откат») алышкан.


Тергөө тарабынан “Чакан ГЭС” ААКнын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын пара («откат») түрүндө талап кылганы, эгерде андан баш тартса, жеке компаниялар тарабынан аткарылган иштер үчүн акча каражатын төлөөнү кечеңдетүү менен коркутканы аныкталды.


Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 150 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен А.М. кармалган.


Алынган далилдердин негизинде А.М. КРнын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн