Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:13
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

"Чек арада жабыркаган Достук айылындагы үйлөр качан бүтөт? Өкмөттүн убадасы качан аткарылат?" (видео)

13.10.2021 08:31
627
"Чек арада жабыркаган Достук айылындагы үйлөр качан бүтөт? Өкмөттүн убадасы качан аткарылат?" (видео)

28-30-апрелде тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун Достук айылындагы үйлөр толук бүтө элек. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар "Убада Баткен" порталына билдирген.


Жергиликтүү тургундар кыш жакындап калса да үйлөр бүтпөй жатканына нааразы.


"Биздин үйлөрдү сентябрга чейин бүтүрүп беребиз деген. Бирок азыр кыш жакындап калды. Үйдүн болгону дубалдары орнотулду. Эми буга пол, свет, жылуулук орнотуш керек.

Жалпы чыгымдарыңарды төлөп беребиз деген бойдон дарек жок. Өткөндө 100 миң сом берди. Азыркы учурда 100 миң сомго не келет? Келсе килем келет башка буюм эмеректерди не кылабыз? Өкмөттүн убадасы качан аткарылат",- дейт жергиликтүү тургун.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн