Бугу 07, 2024
Убакыт: 10:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

"Челси" менин жүрөгүмдө. Роман Абрамович "Челси" клубун сатуу үчүн канча акча талап кылып жатат?

03.03.2022 08:05
629
"Челси" менин жүрөгүмдө. Роман Абрамович "Челси" клубун сатуу үчүн канча акча талап кылып жатат?

Россиялык миллиардер Роман Абрамович Лондондогу "Челси" клубун сатууну пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.


Маалыматка ылайык, клубду сатуу процессинде эч кандай шашылыш маселе жок. 


""Челси" жана футбол мен үчүн эч качан акча табуу үчүн бизнес болгон эмес. Ал менин жүрөгүмдө кала турган жыргалчылык.

Клуб сатылгандан кийин атайын фонд ачам. Андан түшкөн каражат Украинада жабыр тарткандарга жардам катары жөнөтүлөт.


Футбол дүйнөсүнүн жана "Челси" үй-бүлөсүнүн бир бөлүгү болуу мен үчүн чоң бакыт. Мен клубдун жетишкендиктери менен дайыма сыймыктанам",- деди Роман Абрамович.


Белгилүү болгондой, "Челси" клубунун баасы 3 миллиард доллар деп бааланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн