"Чыгыш-5" кичи районундагы Чүй проспектисинин боюндагы аялдамада эркек киши каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти. Алар ал киши аялдамада күтүүсүздөн каза болгонун айтышкан.
Бишкектеги Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов жолдон өтүп бара жаткандардын чакыруусу саат 14:15те болгонун билдирди. Бирок 60тар чамасындагы адам тез жардам келгенге чейин каза болгон.
"Адамдын сөөгү милицияга өткөрүлүп берилди, өлүмдүн себеби белгисиз", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн