Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:19
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

"Чыпалак баатыр" Садыр Жапаровго бир нече сунуш менен кайрылды

30.01.2021 22:28
949
"Чыпалак баатыр" Садыр Жапаровго бир нече сунуш менен кайрылды

Урматтуу достор! Сиздер үчүн өзгөчө жазуучу, сүрөтчү сыяктуу болуп ар кандай образда болуп жүрөм. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат деген сөз илгертен айтылып келет эмеспи.

Анда эмесе алгач ирет өзүмдүн өзгөчө

 “Мекенчилдин ою” аттуу жазып аткан китебимдин эң маанилүү үзүндүсүн силерге тартуулап кетмекчимин. Ошондой эле жаңы шайланган урматтуу президент Садыр Жапаровго да ушул өзгөчө өнүгүү маселеси сунуш катары жетип барсын деген ниеттемин.


“Мекенчилдин ою” 


Кыргызстан канткенде өнүгүп өсөт?


1. Ар бир Кыргызстандын жараны чын жүрөгүнөн чындап патриот болууга тийиш


2. Кыргызстан өзүнүн идеалогиясына түшүшү керек


3. Кыргызстан ууру, коррупционер, чыккынчылар менен аёосуз жалпы күрөшүүбүз керек


4. ГЭСтерди куруу керекпиз, ГЭСтен агып өткөн сууну кайра ГЭСке толтурууну өздөштүрүү керек


5. Мамлекеттик жумушка патриот кадрларды окутуп даярдоо керек


6. Билим берүү жагына акчаны аябастан берип, мыкты мугалимдерди таап коюп билимдүү балдарды, жаштарды өнүктүрүп өстүрүү керек


7. Өзүбүздүн өндүрүш тармагын колдоо иретинде бүт базар магазиндерде өзүбүздүн азык-түлүктөрдү көбөйтүү керек. 80% өзүбүздүн өндүрүш болсун. 20 % сырттан келген өндүрүш болсун.


8. Милиция жагында иштегендер элдер менен ачык тыгыз иштеген онлайн байланыш түзүү керек (Элге отчёт берүү керек)


9. Мамлекеттик кызматта иштегендер онлайн режимге өтүүү керек жана эл менен тыгыз байланыш түзүү керек. (Элге отчёт берүү керек) 


10. Кыргыз өкмөтү эл менен тыгыз ыкчам мобилдүү иштегенге өтүү керек 


11. Кыргызстан элдери бүт баары президентке жардам берүүсү керек, президент элдин үнүн угуп, көйгөйлөрдү өз жеринде барып таанышып текшерип турушу керек, бош убакыт таап карапайым элге 2 сааттан убак бөлүшү керек.


12. Президент коррупция жана чыккынчылар менен күрөшүүдө өзүнө таза ыкчам иштеген ишениктүү алдабаган агенттерди коюшу керек


13. Кыргызстан элдери ушакташып сындашып отурганды азайтып, Кыргызстанга кантип салым кошконду жана коррупция менен кантип туура күрөшкөндү үйрөнүшүбүз керек


14. Кыргызстан элдери кыргыз тилин өздөштүрүп өнүктүрүү керек


15. Кыргызстан сөзсүз түрдө туризм тармагын өнүктүрүү керек.  Кыргызстан метро ылдам жүрүүчү поезддерди куруу керекпиз.


16. Кыргызстан алтын, күмүш, нефти чыккан жерлерибизди катуу көзөмөлгө алып мамлекетке 100% иштей турган тартип орнотуу керек. 


17. Кыргызстандагы бардык жаратылыш экология тазалык тартип жагы кыргызстандыктардын жүрөгүндө болушу керек


18. Мамлекетке зыян келтирген чиновниктер, уурулар мамлекеттик кызматка жолобош керек


19. Ар бир эмгекчил патриот инсанды жана анын эмгегин баалаганды сөзсүз үйрөнүшүбүз керек


“Мекенчилдин ою” китебимден үзүндү.

Автор: Аликеков Зарылбек (Чыпалак баатыр)

Текст түрүндө жазууга жардамдашкан Айпери Жоомартбек кызы болду


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн