Бугу 18, 2024
Убакыт: 07:24
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

"Чоң Казаттын" өкүлү Хасанов: Пневмония өтө коркунучтуу оору экен, катуу кыйналдым

07.07.2020 16:27
1312
"Чоң Казаттын" өкүлү Хасанов: Пневмония өтө коркунучтуу оору экен, катуу кыйналдым


“Чоң Казат” кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасанов кычкылтек концентратор аппараты менен дем алууда. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 7-июлда Фейсбуктагы түз эфиринде билдирди.

 

Анын айтымында, буга чейин абалы оорлошуп кеткен. Ооруканага жатып, жасалма бем алдыруу аппаратына кошулгандан бери акыбалы жеңилдеп калды.

“Оор күндөр артта калды. Өтө коркунучтуу оору экен. Абдан катуу кыйналдым, бизди караган дарыгерлерге ыраазычылык билдирем. Учурда жеңилдеп калдым. Бир топ адамдар өтүп кетип жатат. Ошондуктан эл көп топтолгон жерлерге барбай тургула. Ковит бар, пневмония бар”, - деп билдирген Хасанов “бул оору жок” деген маалыматка ишенбөөгө чакырды.


Ошондой эле ал колунда бийлиги, байлыгы бар адамдарга кайрылып, жасалма дем алдыруучу аппарататтарды, медициналык каражаттарды жана бет каптарды сатып берип, элге жардам көрсөтүүгө үндөдү.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн