"Чоң казат" партиясынын мүчөсү Асхат Осмонов Бишкек шаардык мэринин кеңешчиси кызматынан кетти. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, бул анын акыркы чечими.
"Урматтуу достор, мен мэрдин кеңешчиси кызматынан кетем. Бул менин акыркы чечимим. Кийин айтпагыла эмне айтпай эле кетип калдың.
Мен Балбак Зарлыковичке ыраазычылык билдирем. Бул жерде мен абдан көп тажрыйба топтодум. Эми коомдук кыймылдарга активдүү катышам",- деди Осмонов.
Пикирлер (1)