"Чоң казат" партиясынын штабынын мурдагы кызматкери Ислам Болотов Максат Мамыткановду сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал "Вести.кг" сайтына билдирген.
Анын айтымында, ал 2020-жылдын мартынан баштап штабда түрдүү иштерди аткарган. Шайлоо өнөктүгү башталганда штабдын курамында болгон. Алар партиянын жетекчилери менен оозеки түрдө айлык маянасы боюнча келишим түзгөн. Бирок жетекчилер шайлоодон кийин берерин убада кылган. Шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп октябрдагы митингге да катышкан. Бирок Максат Мамытканов вице-премьер-министр болгондон кийин байланыша албай койгон. Ошондуктан, ал 97 миң сом айлыгын өндүрүп алуу үчүн партия лидерин сотко берүүгө ниеттенүүдө.
Бул боюнча штаб жетекчиси да пикирин билдирген. Ага ылайык, партиянын штабында иштеген адамдар ыктырдуу түрдө иштеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн