Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:54
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

"Чоң казаттын" чакырыктары боюнча ЭККК өкүлдөрү иликтөө жүргүзө баштады

13.05.2020 14:53
1144
"Чоң казаттын" чакырыктары боюнча ЭККК өкүлдөрү иликтөө жүргүзө баштады


Депутат Руслан Казакбаев бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык түйүндөрдө топ жарып жаткан “Чоң казат” кыймылынын саясий аракеттерине укук коргоо органдары тарабынан кандай реакция болуп жатканына кызыкты.


Депутаттын айтымында, алардын видеокайрылууларын 100-300 миңге чейин адам окуп жатат. "Азыр айыл-айылдарда “Чоң казатка” чакырыктар жүрүп жатат. Алардын жасап жаткан иштери туурабы”, - деп сурады ал.


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү бул боюнча материалдар даярдалып, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жөнөтүлгөнүн билдирди.


Ал эми Финполдун өкүлүнүн айтымында, бул иш боюнча Башкы прокуратурада каттоо өтүп, аларга кат кечээ, 12-майда келип түшкөн. Азыр иликтөө иштери башталды. “Бул боюнча азыр бир нерсе деп айтуу эртерээк”, - деди Финпол өкүлү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн