Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Чоң казаттын" чакырыктарына юридикалык баа берилет

20.05.2020 10:00
995
"Чоң казаттын" чакырыктарына юридикалык баа берилет

“Чоң казат” кыймылы Кыргызстанда мыйзамсыз, аткезчилик жол менен жана мамлекеттин чөнтөгүнөн байыган мурдагы кызматкерлердин мүлкүн тартып алууга чакырып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүн, 20-майда парламент жыйынында билдирди.

Бул кыймылдын мындай пикирин элди күчкө салып чакырык салып жатат деп баалап, ага укуктук баа берүүгө болобу?”, - деп сурады депутат.

Бул суроого ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев жооп берип, ушул тапта тиешелүү материалдар топтолуп жатканын, кыймылдын аракеттери боюнча юридикалык баа берүү боюнча экспертиза дайындалганын айтты.

Тийиштүү материалдар чогултулуп, тиериштирүү иштери жүрүп жатат. Эгерде экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыш белгилери аныкталса чара көрүлөт”, - деди Алмаз Орозалиев.



Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Айниса
Чоң казат айрымдардын заказын аткарып жаткандай(((
Үрүниса Маматова
"Чоң казат" байларды тоноого чакырган жок, коррупцияны жоюуга чакырып жатат. Карамушкинага Кыргызстандын өз алдынча өнүүсү, көзкаранды эместиги керекпи? Кыргыздын байлары, бийлери, "Чоң казатка" өзүңөр бириккиле!
Мирлан
Камаш керек буларды. Байларды ачыктан-ачык тоноого чакырык таштап жатат